ОЙ КАЙЫҢ КОРУКЧАСЫ
ОЙ-КАЙЫҢ КОРУКЧАСЫ - Алай р-нунун аймагындагы ботаникалык корукча (заказник). Чоң ОйКайың суусунун алабында. Аянты 50 га._Ушул гана аймакта өскөн эндемик (Памир-Алай ареалынын жергиликтүү түрү) жана реликт болуп эсептелген кооз алайкан өсүмдүгүн коргоо максатында 1975-жылы уюшулган.