ОИДУҢ
ОЙДУҢ, ойдуңдуу түздүк - кургактыктын абсолюттук бийикт. деңиз деңгээлинен 200 л«ге чейинки бөлүгү. О-дун бети көбүнчө түзөң, кээде дөбөлүү келет. 0. негизинен тектоникалык чункурдуктарда пайда болуп, деңиздик же континенттик катмарлардан (өзгөчө агын суунун аллювий чөкмөлөрүнөн) турат. Деңиз деңгээлинен төмөн жаткан О-дар да болот (мисалы, Каспий бою ойдуну). Ирилери: Амазонка ойдуңу, Каспий бою ойдуңу, Ватыш Сибиръ туздугу жана Парана д-нын алабындагы О-дар. Тоо арасындагы тектоникалык кыймылдардан пайда болгон төрт же үч тарабы тен тоолор менен курчалган төмөн жаткан жерлер да О. деп аталат (мисалы, Ысык-Көл, Фергана О-дары). Кээде өрөөндун синоними катары да айтылат.