ОЗОН «ТЕШИГИ»
ОЗОН «ТЕШИГИ» - Жердин озон катмарындагы озон концент-сынын азайышы. Бул кубулуш - озон катмарынын жукарышын туюнткан татаал экол. көйгөйлөрдүн эн башкыларынын бири. Кубулушту алгач 1985-жылы Ж. Фарман жетектеген окумуштуулар тобу Антарктиданын үстүнөн (диаметри 1000 кладан ашык) байкашкан. Кийинчерээк 1992-жылы андан кичирээк өлчөмүндөгүнү Арктикадан көрүшкөн. Атмдагы озон концент-сынын азайышынын
негизги факторлору антропогендик (мисалы, муздаткыч чыгаруучу ишканалар курамында хлор жана бром, көмүртек ж. б. бар кошулмаларды атм-га чыгарат) жана табигый кубулуштардын (уюлда кыш мезгилинде күн нурунун дээрлик жок болушу, уюл шамалынын таасири, уюл кендигинен озондун өтүшүнө тоскоолдуктар ж. б.) натыйжасында келип чыгат. Алар атм-нын жогорку катмарына көтөрүлүп, фотохим. ажыроодо хлор кычкылынын пайда болушу озонду бузат. Озон катмарынын жукарышы жер бетине ультракызгылт көк нурлардын келишине көбүрөөк шарт түзөт. Ал бардык тирүү организмге терс таасирин тийгизет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарына ылайык атмдагы озондун 1%ке азайышы онкол. оорулардын (анын ичинде тери рагы) өсүшүнө алып келет. О. т. глобалдык экол. проблема болгондуктан, ал боюнча көптөгөн эл аралык илимий конференциялар («Озон катмарын коргоо» боюнча Вена конвенциясы, 1985; Монреаль протоколу, 1987 ж. б.) өткөн. Анда озон катмарына терс таасирлерди азайтуунун жана аны калыбына келтирүүнүн жолдору каралган. Учурда А_КШ менен Россияда озон катмарынын жукаруу процессин басандатуу же аны калыбына келтирүү (электр разряды, электр-магниттик жана лазердик нурлантуу) боюнча бирдиктүү иш-чаралар көрүлө башталды, к. Виосферадагы глобалдык проблемалар, Глобалдык экологиялык проблемалар.