ОЗОН КАТМАРЫ
ОЗОН КАТМАРЫ, озоносфера - атм-нын 10-50 км аралыгындагы (тропиктик кендиктерде 25-30 км, мелуүн алкакта 20-25 км, уюлдук алкакта 15-20 км) озон концент-сы жогору болгон катмары. Ал стратосферага дал келет. Күндүн ультракызгылт көк нурларынан кычкылтек (О2) иондошуп, кычкылтектин 3 атому (Оэ) пайда болот. 0. к-н фр. физиктер Шарль Фабри жана Анри Буиссон (1913) ачкан. Озондун жогорку кон-сы зыяндуу ультракызгылт көк нурларды синирип, тирүү организмдерди коргойт. Озондун эн чоң тыгыздыгы 20-25 км, эн көбү 40 км. бийиктикте кездешет.