ОЗЁРНЫЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЗЁРНЫЙ (1927-жылы чейин П о д х о з) - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Приго­родный айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 650 м бийиктикте жайгашкан. Райондун бор­бору Лебединовка кыштагынан 23 км түндүк-батыш тарапта. Пишпек т. ж. бекетинен 14 км. Кыш­так 1956-жылы негизделген. Калкы 1570 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Балык чарбасы уюштурулган. Орто мектеп (спорт комплекси менен), мектепке чейинки меке­ме, китепкана ж. б. бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү жана айылдык ден соо­лук комитети иштейт.