ОГ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОГ Гюстав Эмиль (19. 6. 1861, Төмөнкү Рейн, Дрюзенен - 29. 8. 1927, Төмөнкү Рейн, Нидерб­ронн) - француз геологу. Париж университетинин проф. (1904). Негизги илимий эмгектери тектоника, стра­тиграфия, палеонтология, аймактык геология (Альп тоолору, Прованс тоолору) маселелерине арналган. Геосинклиналь жөнүндөгү илимди не­гиздөөгө зор салым кошкон. Өз эмгектеринде жердин контракция жана изостазия теориялары­на таянган. Геол. процесстердин белгилүү цикл боюнча өнүгүшүнүн жана ал процесстердин ирёти

менен кайталана тургандыгы жөнүндөгү көз караш­ты кубаттаган. Континет аймактарындагы де­ңиз трансгрессиясы жана геосинклиналдардагы регрессия убакыт боюнча бири-бирине шайкеш деп эсептеген. Анын геология боюнча китеби илимдин деңгээлин көтөрүп, өз кезегинде көп өлкөдө ке­ңири колдонулган. Эмг.: Геология. 7-е изд. Т. 1. М.; Л., 1938.