ОБРАЗЦОВ Владимир Витальевич (1)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОБРАЗЦОВ Владимир Витальевич [1891, Во­логда ш. - 4. 5. 1934, Ысык-Көл обл., Кольцов­ка (азыркы Бөкөмбаев) айылы] - живописчи, Кыргызстан сүрөтчүлөр союзун уюштургандардан. Түркстан элдик сүрөт искусствосу окуу жайын А. Исуповдун өнөрканасынан бүтүп, 1921-жылы Кыргызстанда ачылчу сүрөт окуу жайында иштөө үчүн Пишпек ш-на чакырылган. Өз демилгеси менен сүрөт студиясын уюштуруп, 1921-27-ж. мек­тептерде сүрөт мугалими, газеталарда сүрөтчү, 1927-30-ж. педагогикалык техникумда, 1930-32-ж. Край таануу музейинде иштеген. Кийинчерээк сүрөт­чүлөр союзунун уюштуруу комитетинин төрагасынын, 1934-жылы Кыргызстан сурөтчүлөр союзунун башкарма­сынын төрагасынын орун басары болгон. О-дун чыгармаларына ойду жеткиликтүү, так чагыл­дырган сүрөтчүлүк ыкма, эмоциялуулук мүнөз­дүү. ЧыгармаларыГ «Радио угуп жатышат» (1930), «Глобустун жанында» (1930), «Дунган кызы» (1932), «Кичинекей кыз» (1932), «Боз үй жанындагы аял» (1933) ж. б. Ал театр жасал­гасы, карикатура, китеп жасалгасы жанрлары боюнча да иштеген. О-дун Г. Айтиев, Л. Ф.

Дей­мант ж. б. окуучулары кыргыз сүрөт искусствосу­нун өнүгүшүнө зор салым кошкон.

Ад.: Асанбеков С. Владимир Витальевич Образцов //Турмуш жана искусство (макалалар жыйнагы). Ф„ 1970.