ОБО ЭНЕ, ЕВА
ОБО ЭНЕ, Е в а [иврит тилинде (7ПП - Хава) «өмүр берүүчү»] - генеол. уламыштар боюнча адамзаттын түпкү энеси. О. э. жана Адам Ата жөнүндө түшүнүк байыркы заманда Кичи Азияда жашаган элдерде калыптанган. Анда Кудай Таала адегенде аалам, жер, бейиш ж. б. жан-жаныбар, Адам (эркек), анын кабыргасынан О. э-ни жаратып, экөөнө бейиштен орун берген, бирок О. э. бир жолу Адамды кечиримсиз күнөө жолуна түрткөнү үчүн экөө тең бейиштен куулуп чыкканы айтылат. Кыргыз санжырасында Адам Ата жана анын аялы О. э. (Обо эне, Аба эне) жер бетинде алгач жаралган пенде катары эсептелип, алардан тараган дүйнөнүн калкы «адам баласы» деп аталып калышы да ушуну менен түшүндүрүлөт.