ОБЛУС (математика)
ОБЛУС математикада - байланыштуу ачык көптүк. Мындай көптүк 0. болуш үчүн төмөнкү шарттарды канааттандырышы керек: көптүктү каалагандай экиге бөлгөндө жок дегенде ал бөлүктүн бири экинчисинин пределдик бир чекитин алыш керек жана бир чекит өзүнүн кандайдыр аймагы менен бирге ал көптүктүн ичинде жатууга тийиш. О-ка мисалдар: түз сызыкта - чектүү же чексиз узун интервалдар; тегиздикте - тегеректин ички бөлүгү.