ОБЛИВАЛЬНЫЙ
ОБЛИВАЛЬНЫЙ Павел Степанович (1904, азыркы Түндүк Казакстан обл., Көкчө-Тоо ш. - 17. 12. 1976, Кара-Балта ш.) - а. ч. өндүрүшүнүн ишмери, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957). 1934-жылдан Токмок, Талас автобазасында директор, 1944- жылдан Талас облусунун жер бөлүмүнүн башчысы, 1946-61-ж. Петровка жана Беловодск машинатрактор станцияларынын директору. 1961-67-ж. Москва, Калинин

р-ндорундагы «Кыргыз айыл чарба техника бирикмесинин» башкы инженери. Ал жетектеген МТС тейлөө кызматын ийгиликтүү аткарган. Ленин ордени менен сыйланган.