НЬЯСА
НЬЯСА М а л а в и - Түштүк Африкадагы (Мозамбик, Танзания, Малавиде) ири көл. ЧыгышАфрика тайпак тоосунун түштүк-батышындагы тектоникалык ойдуңда, 472 м бийиктикте жайгашкан. Жер шарындагы тузсуз көлдөрдүн ичинен тереңдиги боюнча 3- (Байкал жана Танганьикадан кийин), чоңдугу боюнча 9-орунда. Түндүктөн түштүккө
580 кмге созулуп, туурасы 80 кмге чейин. Тереңдиги 726 мге чейин. Аянты 30,8 миң км2. Түндүгү, түндүк-чыгыш жээктери чукул, бийик, аскалуу, түштүгү жапыз. Таманынын калындыгы айрым жерлеринде 4 клгге жеткен чөкмө тектер менен капталган. Ага 14 суу куят, ириси - Рухуху д. Көлдөн Шире д. (Замбезинин куймасы) агып чыгат. Фаунага бай. Балыктын 200дөн ашык түрү (анын ичинде 80% и эндемиктер) кездешет. 0. эле крокодил, бегемоттор бар. Балык кармалатынча Кеме жүрөт. Н-нын батыш жээги туризм үчүн ыңгайлуу. Негизги пристандары: Нхотакота, Каронга, Бандаве (Малави), Мвая, МбамбаБей (Танзания), Ковбе, Метангула (Мозамбик).