НЬЮТОН Исаак
НЬЮТОН Исаак (4. 01. 1643, Вульсторп -31.3. 1727, Кенсингтон) - англ. физик, математик, механика менен астрономиянын теориялык негизин түзүүчү.

Н. Париж ИАнын мүчөсү (1699), Лондон королдук коомунун мүчөсү (1672) жана анын президенти (1703-жылдан) болгон. Ал күзгүлүү телескоп жасап (1668), бүткүл дүйнөлүк тартылуу законун ачкан, асман телолорунун кыймыл теориясын түзүп, асман механикасын негиздеген. Н. 1678-жылы өзүнүн «Натуралдык философиянын математикалык негиздери» деген зор эмгегин жарыялаган. 1704-жылы жарык көргөн «Оптика» деген эмгегинде жарык дисперсиясын, жарыктын сынышын, жарык интерференциясын байкоо үчүн кылдат тажрыйбаларды жасап, аларды түшүндүргөн жана жарык толкундук касиети менен катар корпускулага (бөлүкчөгө) ээ деген көз карашта болгон. Н. механиканын негизги үч законун ачкан (к. Нъютон закондору). Мейкиндик менен убакытты абсолют деп эсептеген.
Ад.: Кузнецов Б. Г. Ньютон. Н., 1982; Хеллман X. Ньютон против Лебница: Битва титанов. Н., 2007.