НУТАНС (2)
НУТАНС 970 - жаздык арпа сорту. Кыргызстан дыйканчылык ИИИде жаздык арпанын Нутанс 45 сортун Нутанс 4353 күздүк гибриди менен кайчылаш чаңцаштыруудан алынган. Машагы 2 катар, узундугу 7-8 см, түсү саргыч. Жапырылбайт, күбүлбөйт, эрте жетилет. Кургакчылыкка байымдуу. Чүй өрөөнүндө эгилет.