НУТАНС (1)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НУТАНС 45 - жаздык арпа сорту. Кыргызстан дый­канчылык ИИИде арпанын грузин сортунан жекече ылгоо жолу менен чыгарылган. Бийиктиги 80 см, машагынын узундугу 7,3 см. Даны ири, 1000 данынын салмагы 47 г. Анда 14-17% белок бар. Нарын аймагынын дыйканчылыкка ылайык­туу жерлерине райондоштурулган (1962). Мол түшүмдүү, сапаты жогору, Нутанс 187 сортуна салыштырганда анын түшүмү гектарынан 3,5 дге арбын. Мыкты тоют; сорт кара көсөөгө чалдык­пайт.