НУРТАЗИН
НУРТАЗИН Акан (21. 11. 1962-жылы туулган, Фрунзе) - балет артисти, КРдин эмг. сиң. арт. (1992), КРдин эл арт. (2001), Москва академиялык хореогр. окуу жайын бүтүргөн (1982). 1982-жылы А.
Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрына кабыл алынган. 2009-жылдан башкы хореограф. «Саманчынын жолу», «Аккуу көлү», «Макбет», «Куйручук», «Жизель» ж. б. балеттердеги башкы партияларды аткарган. 1989-жылы «Бастилия» балетинде Маркиз де Лантенаканы мыкты аткарган үчүн «Нооруз-91» фестивалында, Ч. Айтматов атындагы Орус драма театрында коюлган «Баттерфлайдагы» Сонг-Лилингдин партиясын эң жакшы аткаргандыгы үчүн биринчи сыйл. ээ болгон. Сирия, Иордания, Япония, Германия, Кытай, Түркия ж. б. чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. Кыргызстан жаштар сыйл. лауреаты (1992).

