НУРОВА
НУРОВА Саида Сулеймановна (2. 12. 1939-жылы туулган, Алматы обл., Уйгур району, Чоң-Аксу айылы) - социолог, социология илимдеринин доктору (1995). Кыргыз ССР маданиятына эмг. сиң. ишмер (1975), 1961-жылы КМУну бүткөн. 1969-81-ж. КМУда, ОМПИде окутуучу, доцент, декан, 1981-98-ж. Каракол педагогикалык институтунда кафедра башчысы, декан, ректордун милдетин аткаруучу болуп иштеген. 1998-жылдан БГУда декан, кафедра башчысы. 50дөй илимий эмгектин (анын ичинде 2 монография, 2 окуу куралы) автору.