НУРИЕВ
НУРИЕВ Рудольф Хаметович (17. 3. 1938, Иркутск - 6. 1. 1993, Париж) - советтик жана британдык балет артисти, балетмейстер. Бала чагынан эле Уфа ш-нда балдар фольклордук ансамблинде бийлеп жүргөн. 1955-жылы Ленинград хореогр. окуу жайында А. Пушкиндин классында окуган. 1958-жылдан С. М. Киров атындагы (азыркы Мария) опера жана балет театрында балет солисти. 1961-жылы Парижде гастролдо болуп, СССРге кайтпай калып калган. Н. 15 жылдан ашык Лондондук Королдук балетте иштеп, дүйнөлүк атакка ээ болгон, англ. балерина Марго Фонтейн менен дайыма бийлеген. Бүткүл дүйнөнү кыдырып (Европа, АКШ, Япония, Австралия ж. б.) бийлеп чыккан. 1983-89-ж. Н. париждик Граноперанын балеттик труппасынын директору болгон. Иркутскиде Н-дин мемориалдык тактасы орнотулган. Уфа ш-нда жыл сайын Р. Нуриев атындагы балет искусствосунун эл аралык, Казанда 1987-жылдан Р. Нуриев атындагы эл аралык фестивалдар өткөрүлүп турат. Башкыр мамлекеттик опера, балет жана хореогр. окуу жайы анын ысмында.