НУРАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НУРАК Абдракманов [19. 10. 1947, Тянь-Шань (азыркы Нарын) обл., Ак-Талаа району, Куртка айы­лы - 26. 5. 2014, Бишкек] - комузчу, күүчү, ыр­чы-аткаруучу. КРдин эл арт. (2010). 1968-жылы Ток­моктогу маданий-агартуу техникумун бүтүргөн. 1968-69-ж. Тоголок Молдо к-зунда клуб башчысы, 1969-74-ж. Ак-Талаа р-ндук балдар музыкалык мектебинин ди­ректору, 1983-86-ж. Аламү­дүн с-зунда маданият үйүнүн башчысы, 1986-жылдан Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында «Камбаркан» этногр.-фоль­клордук ансамблинде ырчы-

комузчу. Комузчу-аткаруучу катары Музооке, Токтогул, Ныязаалы, Боогачы, Жумамүдүн, Бек­темир ж. б. ырларын чебер аткарат. Анын ат­каруусундагы күүлөр жана ырлар кыргыз эли эле эмес дүйнө элдеринин сахналарында зор кызы­гуу жаратууда. Н. - «Ата мурас», «Соң-Көл», «Улуу тоолор», «Эне жүрөгү», «Жаңырык», «Шаттык», «Өмүр көчү» өңдүү классикалык күүлөрдүн, ошондой эле обондуу ырлардын («Аппак сүйүү» ж. б.) да автору. Темир комуз үчүн чыга­рылган «Жибек жол» деген күүсү өтө кызыгуу менен кабыл алынган. Так теке өнөрүн жогорку деңгээлге көтөрүп, дүйнө элдерине даңазаланып келет. Уста катары темир комуз, комуз, кыл кыяк жасайт, ээр чабат. Түркия, Германия, Франция, Бельгия, Португалия, Япония, Аме­рика ж. б. өлкөлөрдө гастролдо болгон. 2001-жылы Самаркандда өткөн Бүткүл дүйнөлүк салттуу музыкалык сынагында ЮНЕСКОнун баш байгесинин сертификатын жеңиц алган. Н. аткарган жана чыгарган ыр-күүлөрдөн турган «Комузчу Нурак Абдракманов» жана «Нурак Абдракманов ыр­дайт» деген аталыштагы алгачкы үн табактары 1985-жылы жарыкка чыккан. Японияда (1995), Францияда (1997; «Окога» мамлекеттик радиосу кол­доосу менен), Чехияда (2000), АКШда (2001), аль­бомдору чыккан. Устат катары балдарга комуз үйрөтөт, комузчулар мектеби калыптанган. Ус­татчылыкта жараткан зор ийгилиги, кыргыз му­зыкасына кошуп жаткан зор салымы - мурун­ку залкар устаттардан алган тажрыйбасын үлгүлөрүн, жаш муундарга жеткирүү максатын­Н. Абдракманов устаканасында.

да комуз үйрөтүүнүн өзгөчө методикасын иштеп чыгып, атайын окуу китеп түзгөн. Шакиртте­ри: В. Шатенов, Р. Көчөрбаев, Г. Карабаева ж. б. «Улуу баян» (2007) тарыхый эссесинин, «Нурак­тын күүлөрү» (2009) аттуу китептери чыккан.