НУКУАЛОФА
НУКУАЛОФА - Тонга Королдугунун борбору. Тонга архипелагындагы Тонгатапу («ыйык түштүк») ири шуру а-нда жайгашкан. Климаты тропиктик. Жылдык орт. температурасы 20°Сден 26°Сге
чейин. Жаан-чачыны 1500 мм. Калкы 24,3 миң (2010). Өлкөнүн башкы порту (негизинен сыртка копра, банан чыгарылат). Аралга европалыктардан алгачкылардан болуп 1643-жылы голландиялык деңиз сүзүүчү Абель Тасман, 1773- жана 1777-жылы Ж. Кук келген. 1970-жылы протекторат жоюлгандан кийин Н. Тонганын борбору. Король ак сарайы (1865-67), ак сөөктөрдүн табыттары ж. б. сакталган. Жыл сайын окумуштуу ботаниктер (миңдеген орхидеялар жана бадал гүл бакчалар кызыгууну арттырат), ихтиологдор (ар түрдүү деңиз жаныбарларын окуп-үйрөнүү үчүн), суучулдар келишет. Туризм өнүккөн.
