НОУТБУК
НОУТБУК (англ. notebook - жазуу дептерчеси) - энергия булагы автономдуу системалуу, көтөрүп жүрүүчү (портативдүү) микрокомпьютер (чакан компьютер). Заманбап Н-тарда интегралдык схеманы. миниатюрлаштыруу (кичирейтүү) тармагынын жетишкендиктери колдонулат. Ал берилген маалыматты кадимки ком-

пьютердей эле ылдамдыкта иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Автономдуу энергия булагы катары заряддалуучу батареялар колдонулат жана суюк кристаллдык дисплейи болот. Н. тетиктеринин кичинелиги жана көтөрүп жүрүүдө чыдамдуулугу менен баалуу.