НОТАРИАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОТАРИАТ (латынча по^агшз - жазгыч, катчы) - келишимдерди күбөлөндүрүү, мурас укугун жол­жоболоштуруп, документтерди укуктук күчкө ээ кылуу милдеттери жүктөлгөн мамлекеттик орган­дар системасы. Мамлекеттик Н-ты уюштуруу, анын иш­аракети КРдин Н. жөнүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат. Мамлекеттик Н. органдарына мамлекеттин Н. кеңселери кирет, аларга КРдин Юстиция министрлиги жетекчилик кылат. Н-тын негиз­ги милдети - мамлекеттик жана жеке менчикти, жаран­дардын жана уюмдардын укуктары менен мыйзам­дуу мүдөөлөрүн коргоо, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоо, укук бузууларды алдын алуу. Нотариаттык иш-аракеттер мамлекеттик кеңсе­де иштеген нотариус жана жеке нотариус тара­бынан жүргүзүлөт.