НОРФОЛК АРАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОРФОЛК АРАЛЫ, Норфолк аралдар а й м а г ы Жаңы Зеландиядан түндүктө, Тынч океандын түштүк-батышында жайгашкан. Аянты 34,6 км2. Калкы 2,1 (2009). Борбору - Кингстон (калкы 1100). Климаты мелүүн деңиздик, суб­тропиктик климатка өтмө. Суу астындагы Нор­фолк кырка тоосундагы жанартоонун чокусу аралдын бетине чыгып турат. Ал тоонун эки капталында Жаңы Каледония жана Түштүк-Фижи терең океан оёңдору созулуп жатат. Рельефи дөңсөөлүү келип, тузөң. Аралдын эң бийик жери Маунт Бейтс чокусу (бийиктиги 319 м). 1788-жыл­дан 1814-жылы чейин жана 1825-55-ж. англиялык­тар сүргүн жай катары пайдаланышкан. Пит­керн а-нан 1856-жылы АКШга таандык «Баунти» кемесинин козголоңчулары келип отурукташ­кан. Н. а. 1913-жылдан Австралиянын ээлиги жана анын «деңиздеги алыскы аймагы» статусу­на ээ болгон. Аралдын башчысы кагаз жүзүндө Улуу Британия королевасы, бирок Австралия генерал-губернатору дайындаган администратор башкарат.