НОРМАННДАРДЫН АНТЛИЯНЫ КАРАТУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОРМАННДАРДЫН АНТЛИЯНЫ КАРАТУУСУ (1066) - Нормандия герцогу Вильгельм башкар­ган норманн феодалдарынын Англияга басып кириши. 1066-жылы англ-сакс королу Эдуард Ис­поведник өлгөн соң, Вильгельм ал менин туу­ганым болчу, такка мен олтурушум керек деген доомат менен 28-сентябрда аскерлерин Англиянын түштүгүнө түшүргөн. 14-октябрда Гастингске жакын жердеги салгылашта Вильгельм англ­сакстардын жаны королу Гарольддун (ушул сал­гылашта курман болгон) аскерлерин талкалап, 25-декабрда англ-сакс тактысына олтурган. Мындан кийин Англиядагы бардык жер корол­дун менчигине айландырылып, ал феодалдарга королдун уруксаты боюнча гана пайдаланууга бе­рилген. Бардык жердин болжол менен 1/7 бөлүгү королдун карамагында калтырылган. Эркин дыйкандар сеньор бийлигине биротоло баш ий­дирилип, жерден пайдаланган дыйкандардын көпчүлүгү крепостной абалга кириптер болгон. Бул жеңип алуу Англияда англ-сакстар мезги­линде башталган феодалдашуу процессинин аякташына өбөлгө түзгөн.