НОРМАЛУУ БӨЛҮШТҮРҮҮ
НОРМАЛУУ БӨЛҮШТҮРҮҮ - ыктымалдыктардын негизги бөлүштүрүүлөрүнүн бири. «Н. б.» термини кокус чоңдуктардын ыктымалдыктарынын бөлүштүрүлүшүн, ошондой эле бир нече ко-

кус чондуктун ыктымалдыктарынын бирге бөлүштүрүлүшүн мүнөздөө үчүн колдонулат. Эгерде ыктымалдык тыгыздыгы р(х; а, 5)= = —' 2В (1) болсо, анда X кокус чоң- 672тг
дук ыктымалдыктарынын бөлүштүрүлүшү Н. б. деп аталат. Жогорудагы (1) Н. б-сү а жана у
параметрлерге көз каранды. Мында Хтин математикалык күтүүсү ага, ал эми Хтин дисперсиясы ?/2ка барабар. у=р(х; а, 5) Н. б-нүн графиги ординатага симметриялуу жана х=а чекитинде 1/7^5 максимумга жетет (к. чийме). у чондугу канчалык кемиген сайын, Н. б-нүн чокусу ошончолук тик болот. Ал эми ути туруктуу калтырып, аны өзгөртсөк, анда ийри сызыктын формасы өзгөрбөй, абсцисса огу боюнча гана жылат. Н. б-нүн ийри сызыгынын ичиндеги аянт дайыма 1ге барабар. а=0, у=2,5; а=0, у=1; а=3, у=1 ыктымалдыктардын бөлүштүрүлүшү чиймеде көрсөтүлгөн.