НОРВЕГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:43, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОРВЕГИЯ, Норвегия Королдугу­Түндүк Европадагы мамлекет. Скандинавия ж. а-нын батыш жана түндүк бөлүгүн ээлейт. Шпицберген архипелагы (Аюулуу а. кошо) жана Ян-Майен а. да Н-нын курамына кирет. Тун.-чыгышынан Баренц, түндүк-батышын Норвег жана туштүгүнөн

Түндүк деңиздери жана Скагеррак кысыгы чулгайт. Чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Швеция, Финляндия, Россия менен чектешет. Аянты 324,2 (аралдары менен 387) миң км2. Калкы 4,7 миллион (2009). Борбору - Осло ш. Администрациялык-аймактык жактан 19 фюлькеге бөлүнөт. Акча бирдиги - норвегия кронасы.

Ацминистрациялык-аймактык бөлүнүшү (2010)

Фюлькелери (райондору)

Аянты, мин км2

Калкы, миң

Администрациялык борборлору

Нурланн

38,46

236,3

Будё

Тромс

25,87

155,5

Тромсё

Финнмарк

48,62

72,7

Вадсё

Нур-Трёнделаг

22,41

129,0

Стейнхьер

Сёр-Трёнделаг

18,85

278,8

Тронхейм

Мёре-ог-Ромсдал

15,12

245,4

Молде

Сонг-ог-Фьюране

18,62

106,2

Лейкангер

Хордаланн

15,46

456,7

Берген

Ругаланн

9,38

404,6

Ставангер

Осло

0,45

590,0

Осло

Акерсхус

4,92

509,2

Осло

Эстфолл

4,18

262,5

Сарпсборг

Бускеруд

14,91

247,7

Драммен

Вестфолл

2,22

223,8

Тёнсберг

Телемарк

15,3

166,2

Шиен

Хедмарк

27,39

188,7

Хамар

Оппланн

25,19

183,0

Лиллехаммер

Эуст-Агдер

9,16

104,8

Арендал

Вест-Агдер

7,28

163,7

Кристиансанн

Н. - БУУнун (1945), НАТОнун (1949), Европа (1949), Түндүк (1952) кеңештеринин, ЭВФтин (1945), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Европа эркин соода ассоциациясынын (1960), Экономикалык өнүгүү жана кызматташуу уюму­нун (1960) ж. б. уюмдардын мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү.

Н. - унитардык мам­лекет. Башкаруу формасы - конституциялык­парламенттик монархия. Мамлекет жана өкмөт башчысы - король. Мыйзам чыгаруу бийлиги­нин жогорку органы - эки палаталуу

парла­мент (Стортинг). Аткаруу бийлигин премьер­министр баштаган өкмөт ишке ашырат. Негиз­ги саясий партиялары: Норвег жумушчу партия­сы, Прогресс партиясы, Консервативдик партия, Социалисттик солчул партия, христиандык-демокр. пар­тия ж. б.

Табияты.

Н. - тоолуу өлкө. Аймагынын көп­чүлүк бөлүгүн Скандинавия тоолору (эң бийик жери - Гальхёпигген чокусу, бийиктиги 2469 м) ээлейт. Норвег жана Түндүк деңиздеринин жээктери фьорддор (Согне-фьорд, Хардангер-фьорд ж. б.) менен тилмеленген. Өлкөнүн аймагынын 39 мин клг2и 1000 лгден жогору, 91 миң «Л42и 500- 1000 лг бийиктикте, калганы бийик тоолор жана саздак жерлер. Климаты (жылуу Гольфстрим агымынын таасири чоң) деңиздик мелүүн: жайы

Нордкал тумшугу.
Shape 4781

салкын, кышы жумшак. Эң четки түндүктө суб­арктикалык. Январдын орт. температурасы -12ден 2°Сге чейин; июлдуку 6-15°С. Жылдык жаан­чачыны 300-3000 мм. Дарыялары көп, бирок тоңбойт. Гидроэнергияга бай. Ирилери: Глом­ма, Логен, Бегна; эң чоң көлү - Мьёса. Өлкөнүн аймагынын 21%тен ашыгын токой каптап жа­тат. Ийне жалбырактуу тоо токою басымдуу. Түштүгүндө жазы жалбырактуу, түндүгүндө тоо жана токой тундрасы өсөт. Топурагы - тундра топурагы. Көптөгөн канаттуулар деңизге тик түшкөн аскалардын коңулдарын уялашып, ка­наттуулар базарын түзөт. Кара кур, керең кур жана чилдер мекендешет. Кен байлыктары: те­мир, никель, жез, молибден, кобальт, күмүш, газ, нефть ж. б. Улуттук парктары: Бергефьелль,

Сандвика шаарынын деңиз жак жээги.
Picutre 4780

Согнефьорд (кышында).

Түштүк Шпицберген, Түндүк-Чыгыш Свальбард ж. б.

Калкы. Калкынын негизин норвегдер (95%)

түзөт. Ошондой эле саамдар, квендер, финндер, швед­дер, дандар ж. б. улуттар да жашайт. Расмий тили - норвег тили. Калкынын 87,8% и люте­ран динин тутат. Калгандары ж. б. протестант менен католиктер. Орт. жыштыгы 1 клгте 14 киши (2004). Калкынын жашынын орт. узактыгы эр­кектериники -74 жаш, аялдарыныкы - 81. Төрөлүүнүн денгээли төмөн (1000 кишиге 12,86), өлүм-житим орт. (ЮООге 10,35). Жаш балдар­дын өлөмү төмөн (ЮООге 6,1). Шаар калкы 77% (2008). Ири шаарлары: Ставангер, Берген, Трон­хейм ж. б.

Тарыхы.

Н. аймагын адам болжол менен биздин заманга чейинки 2-мин жылдыктан мекендеген. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын ортосунда Түштүк Скандинавиядан келген герман уруулары жергиликтүү калк менен арала­шып кеткен. 9-10-к-да Н-да саясий жактан би­ригүү башталып, 11-13-к-да алгачкы феодалдык мамлекет калыптанган. Н. 1262-жылы Исландия­ны каратып, Гренландияны басып алууга ара­кеттенген. 14-к-дан Швеция менен Даниянын Н-га карата экспансиясы башталып, 1380-жылы тү­зүлгөн Уния боюнча Данияга саясий-экономикалык жактан көз каранды болгон. 1536-жылдагы реформация боюнча Н. 1537-жылы (ага чейин королдук статусун сактап келген) Даниянын провинциясына ай­ланган. Феодалдык эзүүгө жана дандардын

кы­сымына каршы 15-к-дын ортосу - 16-к-дын ба­шында дыйкандар көтөрүлүшү чыккан. 17-к­дагы Дания-Швеция согушунун натыйжасында Н-нын айрым аймактары Швецияга өткөн. 17- к-дын аягы - 18-к-дагы экономикалык жогорулоого бай­ланыштуу Н-да шаардык буржуазия калыпта­нып, Н-ны Даниядан бөлүү талабы менен чыгыш­кан. Киль тынчтык келишими (1814) боюнча Н. Даниядан Швецияга өткөн.

1814-1905-жылы

Шве­ция-Норвегия униясынын учурунда Н. көз ка­рандысыздык алып, өлкө ичинде өз алдынча­лыкка жеткени менен жекече тышкы саясат жүргузө алган эмес, чарбасы бир жактуу өнүгүп. империалисттик державалардын коштондусунг айланган. Н. 1-дүйнөлүк согуш учурунда бейта­рап саясат жүргүзгөн. Н-ны 1940-жылы Германия басып алган. 1944-жылы октябрда Советтик Армия Түндүк Н-ны бошоткон. 1945-жылы бийликке Н. Жумуш­чу партиясы баштаган өкмөт келген. Ал Анг­лия менен АКШга таянып, батыш державалар­дын саясий, экономикалык жана согуштук блокторуна, 1948-жылы «Маршалл планына», 1949-жылы НАТОгс кирген. 1970-жылдын башында өлкөдө социал­дык жана экономикалык теңсиздикке байланышкан наа­разылыктар күчөп, жаңы партиялар пайда бол­гон. 1975-жылдан өлкөнү парламенттик азчы­лыкка таянган социал-демокр. өкмөт башка­РУУДа.

Экономикасы.

Н. — экономикасы жог. деңгээл­де өнүккөн өлкө. ИДПнин көлөмү 273,1 миллиард АКШ долларын (2009) түзөт. Аны киши башы­на бөлүштүргөндө 58,6 миң доллардан туура келет. Дүйнөдө калкынын жашоо деңгээли өтө жогору. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 2007-жылы 142,7 миллиард кВт-с электр энергиясы өндү­рүлгөн. Анын 95%тен көбү ГЭСке туура келет. Нефть (дүйнөдө 11-орунда), жаратылыш газы (5-орунда), таш көмүр, темир, жез, цинк, кор­гошун, никель, молибден, күмүш, гранит, мра­мор ж. б. казылып алынат. Ө. ж-нын алдынкы тармактары: машина куруу (деңизде нефть бур­гулоочу платформалар, кеме гидравлика турби­налары, балык тазалоочу жабдуулар, электр-

Норвегиядагы шельфтен нефть казып алуучу плат­форма.

техникалык, электроника ж. б), электр-металлургия (сырттан алынып келинген сырьёдон алюминий, никель, магний, цинк эритилип алынат), химиялык (боёочу жана жуучу каражаттар ж. б.), жыгач­чылык, целлюлоза-кагаз, тамак-аш (суусундук­тар, тамеки). А. ч-нын негизин мал чарбачы­лыгы (сүт багытындагы бодо мал, кой) түзөт.

Норвегиядагы айдоо аянттары.

Негизги азыгы - картөшкө. Дан эгиндери, чөп айдалат. Водо мал, кой ж. б. асыралат. Балык уулоо боюнча дүйнөдөгү алдынкы 10 өлкөнүн бирөө (жылына

Норвегия акчасы - норвегия кронасы.

Image

2,4 миллион т\ айна көз, сайда, треска кар­малат). Жасалма жол менен балык (жилингир, сом; жылына 0,8 миллион гдан ашык) көбөйтүлөт. Деңиз продуктулары даярдалып, балык белен­делип сыртка чыгарылат. Автомобиль жолунун узундугу 93,0 миң км (2009; анын ичинде асфальтталганы 72,0), т. ж-нуку 4,1. Ири порттору: Осло, Бер­ген ж. б. Сыртка нефть (дүйнөдө 5-6-орунда), газ (3-орун; Н-нын экспортунун 68%ин түзөт), түстүү металл (алюминий, магний ж. б.), хими­каттар, кеме, машина ж. б. чыгарылат. Негиз­ги соода шериктери: Улуу Британия, Германия, Швеция, Нидерланд, Франция ж. б.

Билим берүүсү

мектепке чейинки тарбиялоо­ну, милдеттүү башталгыч, толук орто, атайын жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Окутуу акысыз. 1993-жылдан окутуунун сапатын жо­горулатуу реформасы жүргузүлгөн. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 91% ти түзөт (2013). ЖОЖдору, ири илимий мекемелери, китеп­кана, музейлери бар.

Массалык-маалымат каражаттары.

Коомдук­саясий жана маданий агартуу ири гезит-журнал­дары чыгат. Радиоуктуруу 1951-жылдан, теле­көрсөтүү 1953-жылдан, ошондой эле маалымат агент­тиги 1968-жылдан иштейт.

Адабияты.

Н. адабияты негизинен байыркы ис­ланд адабияты менен тыгыз байланышта өнүккөн. 12- 13-к-да скальд менен тарыхчылардын чыгармала­ры, феодализм доорунда христиан динине суга­рылган адабият өкүм сүргөн, Реформация жылда­ры диний лирика пайда болгон. Эл турмушун П. Дасс (17-к.) чебер сүрөттөсө, 18-к-да буржуазиялык агартуу идеясы К. Туллиндин поэмаларында таасын чагылдырылган. Н. Жазуучулар союзу 1893-жылы түзүлгөн. 90-жылдардын башында им­прессионисттик мүнөздөгү лирика кеңири тара­ган (С. Обстфеллер, В. Краг). 1900-жылдардын башында адабиятта реализм басымдуулук кыл­ган. 20-к-дын башында саясий окуялардын (Н. 1905-жылы Швецияга көз карандылыктан ку­тулган) таасиринде жазуучулар көркөм чыгар­маларды жаратышкан. Ошол мезгилде Н. ад­тында символизм, импрессионизм, натурализм багыттары пайда болгон. Сигрид Унсеттин маа­нилүү темаларынын бири - аялдык эмансипа­циянын проблемалары. 0. эле Я. Кристенсен, К. Эльстер кичүүсү, Р. Ёльсен ж. б. жазуучулар келишкен. Драматургияда Борген («

Андерсен­дер»), Т. Скагестадан («Дениз жээгиндеги шаар», 1962) ж. б. эмгектенишкен. А. Хьелланна «Ал жок деп айтты» деген пьесасында социалдык баа берүү менен согушка каршы чыкса, Бьёрнебу «Чымчыктарды сүйүүчүлөр» пьесасында фашиз­мдин кайра жаралуусуна каршы болгон. X. Ха­геруп «Кечки күндүн адамы» (1962) жана «Мы­шык сепили» (1967) пьесаларын экспрессионис­ттик маанайда жазган.

Архитектура жана сүрөт искусствосу.

Н-да нео­лит жана коло доорундагы таштарга чегилген ба­йыркы сүрөт-чиймелер эсептелет. Архитектуранын өнүгүү башаты 11-13-к-га таандык. 12-14-к-да англиялык роман (Ставангердеги собор, 12-к.) жана готика (Тронхеймдеги собор, 12-к.) архитектура­сынын таасиринде таш архитектурасы калыптанган. Көз карандылык, экономиканын начарлашы 14- 16-к-да Н-нын көркөм маданиятын төмөндөткөн. 16- к-дын 2-жарымынан Н. даниялык провинция­нын статусун алгандан кийин айрым экономикалык өсүш башталып, Германия, Нидерланд, Англия ж. б. европалык өлкөлөр менен соода байланышы кенийт. Ошол учурда Кайра жаралуунун архитектурасынын элементтери (Берген шаарындагы Розенкранц сепи­ли, 1562-68) байкала баштайт. Алар айрыкча 17-к-да норвег ак сөөктөрүнүн ири поместьеле­ринде короо жайларынан [Эрланндагы Эустрот усадьбасы, 1654-56, арх. У. Бьелке (1611-74); Хардангер-фьордго жакын жердеги Розендаль усадьбасы, 1661-65, арх. Розенкранц (1628-85)]

Бергендеги Ыйык Мария чиркөөсү, 12-к.

ачык көрүнгөн. 18-к-да барокко жана рококо архитектурасынын белгилери үстөмдүк кыла баштайт. 18-к-дын аягы - 19-к-дын башында архитектурада эрте классицизмдин чыгармалары пайда болот. 19- к-дын 2-жарымында Н-нын арх-сында Европа­нын башка өлкөлөрүндөгүдөй эле эклектика басымдуулук кылган: Ослодогу Стортингдин имараты (1866, швед архитектору Э. В. Ланг­лет, 1824-98). Н-га олуттуу талкаланууну алып келген. 2-дүйнөлүк согуштан кийин курулуш негизинен турак үйлөрдү тургузууга, ө. ж. ка-

Дамсгордт поместьеси. 18-к-дын 2-жарымы. Берген. лыбына келтирүүгө багытталган. 1948-50-жыл­дар элүү жылга түзүлгөн «Чон Осло» долбоо­ру боюнча калк жашоочу райондор курула баш­таган.

Музыкасы.

Н-нын профессионалдык музыкалык иск­восу негизинен норвег. фольклорунун негизинде, 19-к-дагы улуттук-боштондук кыймылга байла­ныштуу өнүккөн. Викингдер, скальддар, рыцар­лар, биринчи королдор жөнүндө лирикалык-эпика­лык ырлар (12-16-к.) сакталып калган. О. кы­лымдык чиркөө музыкасы Н-да европалык музыка­нын таасирдин нугуңда өнүккөн. 16-к-да элдик ырчылардын - зингмейстерлердин искусствосу та­раган. 14-16-к-да Н. Даниянын бийлиги астын­да турган кезинде улуттук кесипкөй искусство дээр­лик өнүкпөй калган. Биринчи көрүнүктүү му­зыканттары - органист жана дирижёр Ф. Грот, композитор А. Флингенберг, органист Ф. Фогель (18- к-дын 2-жарымы - 19-к-дын башы). 1850-60- жылдары улуттук музыкалык мектеп түзүлө баштайт; анын негиздөөчүлөрү: X. Хьерульф - норвег ро­мансын түзүүчү; У. Булль - композитор-импро­визатор жана виртуоз-скрипкачы; Р. Нурдрок - улуттук музыканы жайылтуучу, улуттук гим­ндин автору. Ушул музыканттардын ишмер­диги норвег музыкасынын классиги, компози­тор Э. Григдин чыгармачылыгынын гүлдөшүнө өбөлгө болгон. 1950-жылдар норвег композитор-аван­гардисттердин тобу пайда болгон: Б. Фонгар, Ф. У. Арнестад, А. Нурхейм, А. Янсон. Н-да 8 музыкалык бирикме, анын ичинде Норвегия композиторлор союзу, Музыка маселери боюнча комитет, Ослодо Нор­вег операсы (1958-жылдан), 2 консерватория - Ослодо жана Бергенде симфониялык оркестр ж. б. иш­тейт, музыкалык фестивалдар (1953-жылдан) өткөрүлүп турат.

Театры.

Улуттук театрынын башаты - диний жана турмуш үрп-адаттарында жатат. 18-к-дын ортосунда Кристианиде (азыркы Осло) жана Бер­генде алгачкы театр труппалары пайда болгон. 1780-жылы Кристианиде дайыма иштеген театр түзүлүп, У. Шекспирдин, К. Гольдонинин пье­салары, ошондой эле улуттук театрдын

башын­да турушкан Б. Анкердин жана Э. Фаллесендин театрлаштырылган прологдору коюлган. 1850-жылы Бергенде Норвег театры ачылып, аны драматург­дар Г. Ибсен, анан Б. Бьерсон жетектешкен. Бул театрдын ишмердиги кийинки Н. улуттук театр искусствосунун гүлдөшүнө алып келген. 1899-жылы Ослодо улуттук театр түзүлүп, анын ре­пертуарында көрүнүктүү орунду Г. Ибсен менен Б. Бьёрнсондун драмалары, У Шекспир, Ф. Шиллер, Ю. А. Стринберг, Б. Шоу ж. б. драматургдардын чыгармалары ээлеген; труп­пага атактуу норвег актёрлору (X. Кристенсен, А. Одвар, X. Стурмоэн, Д. Кнудсен, X. Обель, Г. Григ, Т. Сегельке, А. Маурстад, А. Мувин­кель, Ю. Дюбвад ж. б.) кирген. 19-к-дын аягы - 20-к-дын башында Кристианиде, Бергенде, Трон­хеймде, Ставангерде жаңы театрлар ачылган. 20-30-жылдарда мыкты театр коллективдери X. Крогдун жана коммунист-жазуучу Н. Григдин буржуазияга каршы драмаларына кайрылыш­кан. Н-нын театрларынын сценаларында советтик драматургдардын да (М. Горький, А. Г. Глебов ж. б.) чыгармалары пайда болгон.

Киносу.

Фильмдерди чыгаруу 1908-жылы баштал­ган. Биринчи киностудиясы 1916-жылы уюшулган. 30-жылдары курч социалдык жана этикалык проблемаларды чагылдырылган фильмдер пай­да болгон, мисалы, «Селсаяк» (1934), «Экөө тирүү, бирөө өлгөн» (1937). Фашисттик оккупациянын учурунда бийликтегилер кинону нацисттик про­паганданын куралы кыла алышкан эмес. 2- дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин Н. киноиск­восунун жетишкендиктери каршылык көрсө­түүгө арналган, оккупанттарга каршы кино тас­маларды коюу менен байланышкан: «Биз жаша­гыбыз келет» (1946, реж. У. Дальгар), «Качкын­дар» (1946, реж. Г. Саннё), «Оор суу үчүн салгы­лаш» (1948, реж. Т. Вибе-Мюллер). 1968-жылы норв. кинематографисттери советтик-норвегиялык бирге­лешкен «Болгону бир өмүр» (реж. С. Г. Микаэ­лян) аттуу фильмди тартууга катышышкан. Өлкөдө документалдык, илимий-популярдык (реж. П. Хест, А. Берг, Я. Викборг, Т. Хейердал) жана мультипликациялык кино (реж. И. Каприно) тартуу өнүккөн. 1955-жылдан Ослодо улуттук киноархив иштейт.

Дц.: История Норвегии. М., 1980.