НООКАТ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НООКАТ ӨРӨӨНҮ (согду тилинде ноо, нов - коо, колот; кат - жазуу, кыштак, шаар, квар­тал; ойдуңдагы кыштак; ноодогу жазуу, же ноо - жаңы; жаңы кыштак) Алай кырка тоо­сунун түндүк тарабынан, Фергана ойдуңунан орун алган. Таманынын.узундугу 45 км, эң жазы жери 12 км. Батышы менен чыгышы үч бурчтук форма­сында куушурулуп, туурасы 1,5-2 клгден аш­пайт. Ортосу 18 клгге чейин кенен. Таманынын абсолюттук бийиктиги 1200-1700 м. Аны кур­чаган тоолор менен адырлар салыштырмалуу 300- 800 лгге көтөрүңкү. Чили-Сайдын голоцен-

жогор­ку антропоген доорунун тектирлеринен турат. Чыгышы Кыргыз-Атанын нугуна эңкейиштейт да, акырындык менен бийиктеп, Көк-Бел жана Бел­Өрүк адырларына өтөт. Таманы сайлар менен тил­меленип, тектирлүү, түндүк-чыгышка карай эңке­йиш. Таманы чыгышында неогендин конгломе­рат, кумдук, алевролит, мергель, гипс, баты­шында төртүнчүлүк мезгилдин шагыл, чопо ж. б. тектерине толгон. Климаты континенттик, январдын орт. температурасы -6...-10°С, июлдуку 24,4°С, жылдык жаан-чачыны 300 мм. Ири суу­лары: Косчан, Шаңкол, Кыргыз-Ата, Чили-Сай. Таманына кургак талаа жана талаа, каптал бет­терине арча, бадал аралашкан шалбаалуу та­лаа жана шалбаа ландшафттары мүнөздүү. Өрөөндө тамеки, дан жана көп жылдык тоют өсүмдүктөрү, жашылча-жемиш өстүрүлөт.