НОКОТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОКОТ (С1сег апеНпит) - чанактуулар туку­мундагы бир жылдык дан өсүмдүгү. Негизинен дан жана тоют үчүн өстүрүлөт. Данында 22-28% белок, 4,5%ке чейин май болот. 3-4 миң жыл мурда Жер ортолук деңизинин жээгиндеги мам­лекеттерде (Египет, Грекия, Рим ж. б.) эгилге­ни белгилүү. Н. кургакка жана ысыкка чыдам­дуу болгондуктан, Африка континенти менен Азиянын түштүк жагындагы мамлекеттерде (Ин­дия, Кытай, Араб жергесинде) көп аянттарга эгилет. Дыйканчылыкта, сорт сыноо станция­ларында Н. гектарынан 30-40 цге чейин дан берет. Борбордук Азия эли Н-ту сууда буулантып бышырып, ар кандай жыттуу ширелерди кошуп, тамакка колдонушат. Н-тун уну кондитердик татымалга, консервага жана колбасага кошулат.