НОЙОНДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОЙОНДОР (моңголчо ноён - князь, бек деген мааниде) - о. кылымдардан 20-к-га чейин моң­голдордун коомундагы социалдык катмар. 11- 12-к-да ак сөөк адамдардын тукуму катары са­налса, 12-к-дын 2-жарымынан феодалдаша баш­таган өзүнчө топ, 13-14-к-да накта феодал, фео­далдык бытырандуулук мезгилинде (14-17-к.) өз алдынча, көз карандысыз ээликтердин ко­жоюнуна айланышкан. Манжурлардын (к. Маньчжоу-Го) тушунда (17-к-дан 20-к-дын ба­шына чейин) саясий укуктан ажыратылган мамлекеттик кызматкерлер катары саналып калган. Н. өзгөчө Чыңгызхандын мезгилинде күч алып, бийлик тепкичинде ханзаадалардан (көбөгөн) кийинки орунду ээлешкен. Аскер кызматында­гыларга (тумөн башы, миң башы, жүз башы) да Н-дун даражасы берилип, ал оозеки түрүндө же атайын белги («пайцза») менен бекитилген. 2007-жылы 1-сентябрда Хук-Хото автономиялуу р-нун администрациялык борборунда акыркы нойондун (Чың­гызхандын тукумунун 34-мууну) өлгөнүн КЭР­дин ММКсы атайын жарыялаган.