НОЙГУТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОЙГУТ - ичкилик уруулар тобуна караштуу уруулардын бири. Айрым маалыматтарда Н-тар­дын бир бөлүгү эзэлтеден Чыгыш Түркстанды (Сапарбай, Арал, Таш-Коргон ж. б.) мекендеп келгени айтылат. Ал эми 17-18-к-да Ак-Суу шаарынын түндүк-чыгышын жердеген Н-тар Түштүк Кыргызстанга ооп келген. Кээде өздөрүн «ойгут» деп атаган бул уруунун бир бөлүгү Баткен, Нарын жана Ысык-Көл аймактарынан жолугат. Бирок ысык-көлдүк Н-тар өзүн арык тукумуна тие­шелүүбүз деп эсептешет. Кыргыз урууларына караштуу уруунун бири катары «Манас» эпо­сунда да кенен чагылдырылат. Айрым даректүү маалыматтарга (мисалы, Си-юй-шуй-дао-цзы) ка­раганда, 16-17-к-да Н-тар (но-и-гу-тэ) Лобнор жана ага жамаатташ аймактарды мекендешкен. 16-к-да Н. Кашкардагы Уч чебинин айланасын­да жашаган эл катары эскерилет. «Жаңыл Мыр­за» дастанынын башкы каарманы ушул уруу­дан чыкканы айтылат.