НОЗЕМАТОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОЗЕМАТОЗ — аары жана жибек куртунун жу­гуштуу ылаңы. Аарынын ыланын Мозета архз, ал эми жибек куртунда ЬГозета ЪотЬус1з Ма§ митеси козгойт. Аарынын негизинен ортонку ичегисинин эпителий клеткалары ылаңга чал­дыгат, ал жерде нозема мителеп, татаал өсүп­өнүгүү циклинен өтөт. Митенин ээси - бакма жана жапайы аары. Аарынын денесинен

спора­лар сыртка бөлунүп чыгып, балды, перганы, со­таны булгайт. Соо аарыга алиментардык жол менен (ооз аркылуу) жугат. Ылаңга чалдыккан аары кескин начарлайт, алыска кетпей бал че­лектин тегерегинде араң жөргөлөйт, кээ бири­нин курсагы көөп кетет. Бал челектеги жумуш­чу аарылар кызматын аткарбай, эне аарылар жумуртка тууганын токтотот, тез эле өлөт. Ылаң кээде тымызын формада өтөт. Н-ду дары­лоодо фумагиллин (фумагиллин ДЦГ, фумидил Б) колдонулат. Алдын алууда аарыны жана жи­бек куртун туура азыктандыруу жана кышка жакшы камдоонун мааниси чоң. Бал челек жана рамкаларды тазалаган соң формальдегиддин 4% түү эритмеси менен дезинфекциялоо максатка ылайык.

Ад.: Гробов О. Ф., Лихотин А. К. Болезни и вре­дители пчел. 2-е изд. Перераб. и доп. М., Мир, 2003.