НОГОЙ ТИЛИ
НОГОЙ ТИЛИ - ногойлордун тили. Түрк тилдеринин түндүк-батыш (кыпчак) тобундагы кыпчакногой топчосуна кирет. Н. т. ногой (Ставрополь крайы), кара ногой (Дагстан) жана ак ногой (Карачай-Черкес) деген үч диалектиден турат. Адабий тили 1918-жылдан түзүлө баштаган. 1928-жылы чейин Н. т. араб, кийин латын алфавитин колдонгон, 1938-жылдан орус графикасына өткөн.