НОВОНИКОЛАЕВКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОВОНИКОЛАЕВКА - Чүй облусунун Жайыл районундагы кыштак. Ак-Башат айыл аймагына караштуу. Бишкек - Ташкент автомобиль жо­лунун боюнда, деңиз деңгээлинен 780 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана т. ж. беке­ти Кара-Балта шаарынан 4 км чыгыш тарапта. Кыш­так 1902-жылы пайда болгон. Калкы 7675 (2009); негизинен мал багып, тоют даярдашат. Орто мек­теп, китепкана, амбулатория, дарыкана, 2 бала бакча ж. б. бар. Азык-түлүк белендөөчү комби­нат, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдө­рү, соода жайлары, кафе-бар, ашкана иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор­го эстелик тургузулган.