«НОВАЯ ЭРА» КОММУНАСЫ
«НОВАЯ ЭРА» КОММУНАСЫ - Совет бийлиги орногондон кийин (1918) Кыргызстандын аймагындауюшулган а. ч. бирикмелеринин бири. «Н. э.» к-н уюштурууда Р. П. Маречек көрүнүктүү роль ойногон. Верный шаарынан келген 50 коммуначыга Чоң-Жаргылчак кыштагынан (Ысык-Көл) атайын жер бөлүнүп, анын мүчөлүгүнө алгач жергиликтүү кедей-дыйкандар тартылган. Коммунанын өз алдынча уставы болуп, анда динден баш тартуу, орус ж. б. тилдерди үйрөнүүгө мажбурлаган жана революциялык тартипти сактоо, коомдук менчикке кам көрүү, балдарды туура тарбиялоого катуу талап коюлган.