НОБЕЛЬ СЫИЛЫГЫ
НОБЕЛЬ СЫЙЛЫГЫ - физика, химия, медицинада жана физиология илимдериндеги эң көрүнүктүү ачылыштары, маданиятка жана коомдун өнүгүшүнө кошкон ири салымы, дүйнөдө тынчтыкты чындоо боюнча мыкты ишмердиги үчүн жыл сайын берилүүчү эл аралык эң беделдүү сыйлык. Альфред Нобелдин керээзи боюнча 1897-жылы негизделген. Керээздин эрк-талабын аткаруучу-катчы Рагнар Сульман жана адвокат Рудольф Лиликвист Нобель фондусун түзүшкөн,
Н. с-нын эрежелери боюнча сыйлык менен мекеме эмес, айрым жеке адамдар гана сыйланат. Ал эми тынчтык сыйлыгы менен жеке адам да, мекеме да сыйлана берет. Сыйлыкка 1-2 эмгек гана сунушталат. 3 же андан көбү каралбайт. Көзү өткөндөр сыйланбайт.
Сыйлык 5 номинацияда өткөрүлүп келет: физика боюнча - Швецияда, химия боюнча - Швецияда, физиология боюнча - Швецияда, адабият боюнча - Швецияда, тынчтык боюнча - Норвегияда (1901 -жылдан).
1969-жылы Швед банкынын демилгеси менен экономика боюнча Н. с-нын лауреаты Нобелдик лекция окууга тийиш, Нобель фонду тарабынан өзгөчө томдордо жарыяланат.
Сыйлык тапшыруу жол-жобосу атайын
даярдыкты жана уюштуруу иштерин талап кылат. Октябрда лауреаттар биротоло бекитилет жана жарыяланат. Лауреаттарды акыркы тандоону Шведдик Королдук борбор Каролинг институтунун Нобелдик ассамблеясы жана Норвегиялык Нобель комитети жүргүзөт. Сыйлык тапшыруу жыл сайын 10-декабрда Швеция менен Норвегиянын шаарларында өткөрүлөт. Стокгольмдо - физика, химия, физиология жана медицина, адабият жана экономика боюнча сыйлыктар Швециянын королу тарабынан, ал эми Тынчтык боюнча сыйлык Норвегиялык Нобель комитети тарабынан Осло шаарында, шаардык ратушада, Норвегия королу, анын үй-бүлөсүнүн катышуусу менен тапшырылат. Н. с-ын тапшыруу аземинен, нобелдик сый тамактан жана нобелдик концерттен турат.
Т. Абдылдабеков.