НОБЕЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОБЕЛЬ Альфред Бернхард (ЫоЪе1) (21. 10. 1833, Стокгольм - 10. 12. 1896, Италия Сан-Ремо) - швед инженери, химик, динамитти ойлоп та­буучу; Эл аралык Нобелъ сыйлыгын негиздөөчү. 1842-жылы Нобелдердин үй-бүлөсү Санкт-Петербург­га көчүп келишет. Н-дин атасы Россияда торпе­да чыгарууга киришет. Н. да атасы менен бирдик­те орус армиясынын согуштук заказдарын ат­кара баштайт. Крым согушу (1853-56) Нобел­дердин компаниясын гүлдөтөт. Альфред өзү жардыргыч заттарды изилдөө менен алектенет. 1868-жылы нитроглицеринди сиңирип алуучу зат­тардын аралашмасын - динамитти ойлоп таап, ага патент алат. Ал ачылыш пайдалануучулар чөйрөсүндө «динамит же Нобелдин коопсуз жа­рылгыч порошогу», - деп аталган. Ал капитал топтоп, атагы чыга баштайт. Ал өзүнүн атын­дагы фондуну түзүп, анын эсебинен физика, хи­мия, физиология жана медицина, адабият жаатында, тынчтык ишине кошкон өзгөчө салымы үчүн жыл сайын атайын сыйлык берилип турулушун Н. керээз калтырган, к. Нобелъ сыйлыгы.