НИЯЗБЕК БИЙ
НИЯЗБЕК БИЙ (болжол менен 1745, Кетмен-Төбө өрөөнү - 1842-43, Ысык-Көл кылаасы) - кыргыздын сарыбагыш уруусунан чыккан чоң бий, Эсенкул баатырдын уулу. 19-к-дын 1-жарымында Кеминден Илеге чейин - түштүгүнөн ЫсыкКөлдүн күнгөйүндөгү урууларды бийлеп турган. Кокон хандыгы кр1 алып, Ташкент, Түркстан, Олуя-Ата ш-н караткандан кийин, Талас, Чүй, Иле жакты басып алууга киришкен. Курал-жарагы жана туруктуу аскер жагынан артыкчылык кылган Кокон аскер башчылары кабарчы жиберип, согушсуз багынууга чакырган жана солто уруусунун бийи Канайды ак үйлүү кылып, ОлуяАта чебине алып кетишкен. Мындай абалда Н. б., сарыбагыштан Абайылда, Таштанбек, солтодон Эшкожо, Бектен, бугу уруусунан Муратаалы ж. б. бийлер менен кеңешип, Коконго карабайбыз деп чечишкен. Н. б. Кокон аскерине каршы бир нече жолу салгылашуу уюштуруп, бирок кыргыздар жеңе албай койгон. Натыйжада бул уруулардын көпчүлүгү болжол менен 1810- 15-ж. Иленин жээгине көчкөн. Мындан кийин кокондуктар Ажыбек датканы арага салып, кээ бир урууларды кайра Чүйгө көчүрүүгө жетишкен. Бирок Н. б. башындагы сарыбагыштар Кокон хандыгына кароодон баш тарткан.
Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1. Б., 1993; Алымбектин санжырасы. Б., 2007.
Р. Жолдошов.