НИЯЗАЛИЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИЯЗАЛИЕВ Шайлообай

Мамасалиевич (12. 12. 1938, азыркы Жалал­Абад обл., Токтогул району, Беш-Таш айылы - 2009, Бишкек) - философ, философия илимдеринин доктору (1990), проф. (1992). КРдин билим бе­рүүгө эмг. сиң. кызматкери (2000). 1965-жылы КМУ­ну бүткөн. 1965-87-ж. ФПИде окутуучу, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы, 1987- 90-ж. Ленинград мамлекеттик университетинде улук илимий кыз­маткер, 1992-93-ж. Кыргыз архитектура жана курулуш институтунда проф., кафедра башчысы, 1993-2008-жылы ЖАМУда проф., кафедра башчысы, декан, про­фессор. Эмгектери социалдык философия, улут­тук, этностук психология проблемаларына ар­налган. ЮОдөн ашык илимий эмгектин автору. Эмг.: Философия. Жалал-Абад, 2001; Терминологи­ческий словарь по философии. Жалал-Абад, 2001.