НИЧКЕ КӨӨДҮЛ
НИЧКЕ-КӨӨДҮЛ — Караханиддер мамлекетине таандык 10-12-к-дагы шаар калдыгы. КетменТөбө өрөөнүндө жайгашкан. Жалпы аянты 700x300 м. Айланта мунаралар орнотулган. 1941-жылы проф. А. Н. Бернштам, 1958-59-ж. археолог Ы. Кожомбердиев казып изилдеген. Казуу мезгилинде кыштан тургузулган 45 имараттын урандысы табылган. Сакталып калган дубалдарынын бийиктиги 1-4 м. Булардын 17синин астанасына бышкан кыш төшөлгөн. Айрым бөлмөлөрүнүн ичинде эгин сакталуучу ороолор (экиүчтөн кумура) болгон. Бөлмөлөрдүн ичи шыбалып, кызыл, кара ж. б. түстүү боёктор менен кооздолгон. Алардын ичинен темир зоот, канжар, найза, жаанын жебелери, Караханиддер тушунда чегилген тыйындар табылган. Айрым окумуштуулар (В. В. Бартольд, А. Н. Бернштам ж. б.) о. кылымдардагы Хайлам (Хатлам) ш. болсо керек деп божомолдошот.