НИТРОЭФИРЛЕР
НИТРОЭФИРЛЕР - молекуласында көмүртек атому менен байланышкан нитрат тобу ОЫО2 бар бирикмелер; азот кислотасы менен спирттердин, углеводдордун татаал эфирлери. Нитрат тобунун санына жараша моно-, дижана полинитроэфирлерге бөлүнөт. Н-ге көбүрөөк мүнөздүү реакциялардын бири спирт жана НЬЮ3 пайда кылуучу гидролиз реакциясы болуп эсептелет. Кислоталардын, өзгөчө щелочтордун катышуусунда гидролиздин ылдамдыгы өтө жогорулайт. Жегичтердин спирттеги эритмелери Н-ди тез ажыратат. Концент-ланган күкүрт кислотасы менен Н. аракеттенгенде сульфоэфирлер пайда болот: КОЬЮ2+Н28О4 -+ КО8О3Н+ НЬЮ3. Көпчүлүк Н. күйүүгө жана жарылууга жөндөмдүү, мындай касиет алардын курамындагы активдүү кычкылтекке байланыштуу, кычкылтек канчалык көп болсо, ошончолук жогору болот. Н. спирттерди, углеводдорду НЬЮ3, Н28О4 менен же уксус альдегидинин катышуусунда этерификациялоо менен алынат: КОН+НЬЮ3 ->КОЬЮ2+Н2О. Кээ бир Н. - кубаттуу жарылгыч заттар. Н-ди сактоодо, ташууда жана колдонууда жарылуу коркунучу абдан жогору. Ошондуктан алар менен иштөө катуу көзөмөлгө алынат. Көпчүлүк Н. - физиол. активдүү заттар. Буусу менен дем алганда же алар териге, өзгөчө тамак сиңирүү органдарына түшсө, жүрөктүн согуусу тездеп, башты ооруутуп, катуу ууланууга алып келет.