НИТРОБИРИКМЕЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИТРОБИРИКМЕЛЕР, КЬЮ2 - молекуласында­гы көмүртек атому менен байланышкан бир же бир нече нитротобу ЬЮ2 бар органикалык бирикмелер. Алар курамындагы нитротобунун санына жараша моно-, ди-, три­жана поли­Н-ге бөлүнөт. Н. али­фаттык (нитропарафиндер, нитролефиндер), ароматтык (нитроанилиндер, нитробензол, нит­ронафталиндер, нитротолуолдор ж. б.) жана май­луу ароматтык болуп айырмаланат. Ароматтык Н. - сары түстөгү суюктуктар же кристалл түрүндөгү заттар. Көпчүлүк полинитробирикме­лер - жарылгыч заттар. Эң жөнөкөй алифат­тык Н. - түссүз суюк заттар. Сууда начар эрийт. Алифаттык Н. эки таутомердик формада кезде­шет. Н. гидроксиламинге жана аминдерге чейин калыбына келет. Негиздер менен реакцияга ки­рип, туздарды пайда кылат. Ядродогу ЬГО2 тобу жана суутектин атому башка функциялык топ­торго орун алмашууга жөндөмдүү. Алифаттык Н. альдегиддер жана кетондор менен тез конденса­цияланып, нитроспирттерди пайда кылат. Алар парафиндерди суюк же буу фазасында суюлтул­ган азот кислотасы менен 140-150°Сде нитрлөөдөн; аро­маттык Н. - ароматтык углеводороддорду нитрлөөдөн алынат. Алар боёкторду, жарыл­гыч заттарды алууда колдонулат.