НИТРИДДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИТРИДДЕР — азот менен металл жана металл эмес­тердин бирикмеси. Н. түзүлүшү жана касиети боюнча туз сымал (иондуу), коваленттүү жана ме­талл сымал болуп үч топко бөлүнөт. Туз сымал Н-ге мезгилдик системанын 1- жана 2- тобундагы металлдардын Н-и кирет. Алар суу менен кошул­ганда аммиак бөлүп чыгарып, ажырайт. Кова­ленттүүлөргө металл эместердин жана А1, С-а, 1п, Те металлдарынын Н-и кирет. Алар (айрыкча А1Ы, ВКГ, 81ЭЫ4) химиялык таасирлерге абдан турук­туу жана ысыкка чыдамдуу, ошондой эле диэлектрдик же жарым өткөргүч касиетке ээ. Булардын ичи­нен ВМ маанилүү. Металл сымал Н. өтмө ме­таллдар менен азот же аммиактын түздөн-түз ко­шулушунан алынып, азот атому металлдын кристаллдык торчосуна жайгашат. Алар ме­таллга окшоп, электрди жана жылуулукту жакшы өткөрөт, жогорку температурада (мисалы, Т1М 2200°С, НШ 3370°Сде) эрийт, катуулугу, морттуулугу менен металлдардан айырмаланат жана химиялык жактан өтө туруктуу келет. Металл буюмдардын катуулугун, коррозияга туруктуу­лугун ж. б. касиетин жогорулатуу үчүн металл­дын бетине азот же аммиакты (500-900°С) таа­сир этип, Н-ди пайда кылат. Н. газ түтүктөрүн жасоодо, энергетикада, космос жана жогорку температуралык техникада колдонулат.

НИТРИТТЕР — азоттуу кислотанын