НИТРАТТАР
НИТРАТТАР - азот кислотасынын НЫО3 туздары; түссүз кристалл заттар. Кадимки температурада туруктуу. Сууда жакшы эрийт. Ысытканда О2 бөлүп чыгарып ажырайт. Көпчүлүк суусуз Н. балкып эрүү температурасынан төмөнкү температурада ажырайт. Активдүү металлдардын Н-ын ысытканда нитриттерге өтөт: 2КМО3—> 2КМО2 + О2. Калган металлдардын Н-ынын көпчүлүгү ысытканда металл. оксидине, кычкылтекке жана азот (IV) оксидине ажырайт: 2Си(ЫО3)2 =2СиО + 41ЧО2+ О2. жогорку температурада кычкылтекти бөлүп чыгарат да, күчтүү окистендиргич болушат. Практикада натрий, калий, аммоний жана кальций Н-ынын мааниси өтө чоң. Натрий нитраты МаЫО3 (натрий селитрасы) табиятта көп, ал эми калий нитраты КНО3 (калий селитрасы) аз кездешет. Металлга, оксиддерге, кээ бир туздарга НМО3тү таасир этүү ж. б. жолдор менен алынат. Бул туздардын экөө тең жер семирткич катары колдонулат. Калий нитратынын курамында өсүмдүк үчүн зарыл болгон азот жана калий элементтери бар. Натрий жана калий селитралары айнек алууда, жарылгыч заттарды (аммониттерди) даярдоодо, тамак-аш ө. ж-нда продуктуларды консервалоодо колдонулат. Кальций нитраты Са(МО3)2 (кальций селитрасы) негизинен азот кислотасын акиташ менен нейтралдаштыруудан алынат, жер семирткич катары колдонулатынча Аммоний нитратында ЫН^ЫО, өсүмдүктөр жёңил өздөштүрө турган азоттун саны башка нитраттарга же аммоний туздарына салыштырганда өтө жогору.