НИОБИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИОБИЙ (латынча №оЫшп), N6 - элементтердин мезгилдик системасынын V тобунда жайгаш­кан элемент, к. н. 41, атомдук массасы 92,9064. Табигый туруктуу изотобу93МЬ. 1801-жылы англ. окумуш­туу Ч. Хатчет ачкан. Табиятта эркин түрүндө кездешпейт, ал көбүнчө минералдардын кура­мында тантал менен бирге кездешет. Н. жер кыр­тышында массасы боюнча 2-10'3% таралган. Маа­нилүү минералдары - колумбит, танталит, ло­парит жана пирохлор. Н. жогорку температурада эрүүчү, боз түстөгү металл, тыгызд. 8,57 г/см3, абада туруктуу. Балкып эрүү 1 2487°С, кайноо 14930°С. Таза Н. муздакта жана басым алдында жакшы иштетилет. Механикалык мыкты касиеттерин жогорку температурада сактайт. К2, С, Н2, О2 сыяктуу эле­менттер аралашканда анын ийкемдүүлүгү аза­йып, катууланат. Химиялык касиети боюнча танталга окшош. Плавик кислотасында эрийт. Көпчүлүк кислоталарга, туздардын эритмелерине туруктуу. Н. кычкылы ЫЬ2О5 кислоталык мүнөзгө ээ. Н. - тө­мөнкү температурага, ысыкка, коррозияга өтө ту­руктуу көпчүлүк куймалардын негизги компо­ненттеринин бири. Фтор Н-ге бөлмө температурасын­да, хлор 200°Сден жогору, бром жана йод 250°Сден жогору, суутек 250°С, азот 400°С, көмүртек жана көмүртеги бар газдар 1200-1400°Сде таасир этет. Н. көптөгөн металлдар менен куймаларды пайда кылат. N1, Сг, Со, Т1, 2г, IV, Мо, А1 ж. б. ме­таллдарды Н. менен легирлегенде, алардын жо­горку температурага туруктуулугу ж. б касиеттери жогорулайт. Н-ге «падыша арагы», туз, күкүрт, азот, фосфор, хлор кислоталары, аммиактын суу­дагы эритмеси жана көптөгөн органикалык жана органикалык эмес заттар таасир этпейт. Көпчүлүк туруктуу бирик­мелеринде Н-дин +5, +4, +3, +2, +1 окистенүү даражасы белгилүү. Н. курамында ЫЬ2О5 бол­гон концентраттан алюминотермия, карботер­мия ж. б. жол менен калыбына келтирүүдөн алы­нат. Н. жана анын куймалары атом энергетика­сында, радиоэлектроникада, химиялык аппараттар­ды жана реактивдүү кыймылдаткычтарды ку­рууда, ракета жана вакуум техникасында ж. б. тармактарда колдонулат.