НИКУЛИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИКУЛИН Юрий Владимирович (18. 12. 1921, Смоленск обл., Демидов - 21.8.1997, Москва) - цирк артисти, клоун, киноактёр, СССР эл арт. (1973). 1950-жылы Москва циркинин сөз жанры сту­диясын бүтүргөн. 1982-97-ж. Цветной Вульвар­дагы Москва мамлекеттик циркинин көркөм жетекчи­си жана директору. 1947-жылдан клоун катары

Ю. Никулин - Бал­бес. «Ы» операция­сы жана Шуриктин жоруктары. 1965.

таанылган. М. И. Шуйдин менен дуэттерде чыгып жүргөн. Н. бир караганда өтө эле жөнөкөй, би­рок эч кимге «жемин жедирбеген» кейипкердин образын түзгөн. 1958-жылдан киного тартыла баштаган. Л. И. Гайдайдын комедияларында­гы («“Ы” операциясы жана Шуриктин башка жоруктары» (1965), «Кавказ туткуну» (1967), «Жакут кол» ж. б.). Комедиялык кейипкерлер менен катар «Кел мага, Мухтар» ( 1965), «Карак­чы чалдар» (1972), «Алар мекен үчүн салгылаш­кан» ж. б. фильмдерде драмалык ролдорду да аткарган. Телекөрсөтүүдө «Ак тоту куш» берүүсүн алып барган. «Дээрлик олуттуу...» китебинин автору (1979, 1987, 1995). РСФСР мамлекеттик сыйл. (1970) лауреаты. Социалисттик Эмгектин Баатыры (1990). «Ар­дак Белгиси» ордени жана медалдар менен сый­ланган.