НИКИШОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИКЙШОВ Пётр Петрович (1917, Ставрополь крайы, Солдат-Александров кыш. - 1999, ошол эле жер) - тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1972). Ростов мамлекеттик университетин (1940), Москвада­гы Жогорку дипломатиялык мектепти (1943) бүтүргөн. 1943-54-ж. дипломатиялык иштерде, 1954-58-ж. Кыргызстан КП БКнын пропаганда жана агитация бөлүмүнүн лекторлор тобунун башчысы, 1958-68-ж. Кыргызстан КП БКга караштуу Партия тарыхы институтунда илимий кызматкер болуп иштеген. Эмгектери Кыргызстан жана Кыргызстан КП тарыхына, КПССтин тышкы саясатына жана эл аралык мамилелерге арналган.