НИКЕЛЬ КЕНТАШТАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИКЕЛЬ КЕНТАШТАРЫ - курамында өндүрүп алууга жарактуу өлчөмдө никель кездешкен минералдардын топтолушу. Өз ичинен жез-ни­келдүү сульфид жана силикаттуу Н. к. болуп бө­лүнөт. Негизги минералдарына: пентлиндит, миллерит, халькопирит, кубанит, пирротин, магнетит кирет. Мындай кенташтар кристалл­дуу калкандар менен байыркы платформалар орун алган аймактардагы магмадан пайда болгон кендерге кирет. Норит, перидотит, габбро-диа­баз интрузияларынын астынан жана чет

жакта­рынан орун алат. Кабат, линза, тарам түрүндө жолугат. Сульфидцүү кенташта никель 0,3-4% ке жетет. Мындай кенташтан никелден тышкары Со, ошондой эле Аи, Р1, РЪ, КЪ, 8е, Те, 8 өндүрүлөт. Кендери Норильск, Печенга, Канада, Түштүк Аф­рика ж. б. жерлерден орун алган. С и л и к ат­т у у Н. к-нын курамында никель минералы кездешкен ультранегиздүү тектердин үбөлөнүп талкаланышынан жаралган борпоң жана чопо сыяктанган катмарларынан орун алат. Негиз­ги минералдары болуп нотронит, керолит, сер­пентин, гётит, асболан эсептелет. Мындай кен­таштар никелдин аз санда болуп, запасынын көптүгү менен мүнөздөлөт. Гарниерит, непуит, ни­кель керолити, ферригаллуазит сыяктуу мине­ралдары жаракалуу, контакттуу, аймактуу та­таал геол., тектоникалык, гидрогеол. шартта пайда бо­лот. Кенташтын курамын байытат. Силикат­туу кенташтар өз ичинен темирлүү, магнезийлүү, кремнийлүү, чополуу түрлөргө бөлүнөт. Кенде­ри Уралдан, Украинадан, Канададан табылган.

Ад.: Смирнов В. И. Геология полезных ископаемых. М., 1982; Ермолов В.А. и др. Месторождения полезных ископаемых. М., 2001; Месторождения металлических полезных ископаемых. М., 2005.