МЕНДЕЛЬСОН-Бартольди
МЕНДЕЛЬСОН, Мендельсон-Бартольди, Якоб Людвих Феликс (3. 2. 1809, Гамбург - 4. 11. 1847, Лейпциг) - немис композитору, дирижёр, органчы. Композиция боюнча билим алган. 1835-жылы Лейпцигде Гевандхауз концерттерине жетекчилик кылган жана Лейпциг мектебине негиз салган.

1843-жылы анын демилгеси менен Германияда туңгуч (Лейпциг) консерватория ачылган. Мендельсон ар түрдүү жанрда иштеген: «Жайкы түндөгү түш» (1826), «Рюи Блаз» (1839) жана башка увертюралары, «Италян», «Шотланд» симфониялары, скрипка жана оркестр үчүн концерт (1844), фортепьяно үчүн эки концерт (1831, 1837), «Павел» (1836) ораториясы жана башкалар. 1874-1877-жылдары Лейпцигде Мендельсондун чыгармаларынын толук жыйнагы (36 том) басылып чыккан.
Ад.: Ворбс Г. X. Мендельсон-Бартольди... М., 1966; Мейлих Е. И. Ф. Мендельсон-Бартольди. Л., 1973.