МЕДЕРОВ Таир Турарович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:47, 24 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera «МЕДЕРОВ» барагын «МЕДЕРОВ Таир Турарович» деп кайра атады) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕДЕРОВ Таир Турарович (5. 3. 1962-жылы туулган, Биш­кек) - скульптор, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (Бишкек шаары. Ачык

МЕДЕРОВ Таир Турарович

асман алдындагы эл аралык музейдеги иши үчүн, 2000). Москвадагы М. И. Калинин атындагы көркөм-өнөр жай окуу жайында окуган (1977-1981). Т. Садыков атындагы Улуттук сүрөт ака­демиясынын академиги (2005), Сүрөтчүлөр сою­зунун мүчөсү (1992).Т. Медеров Санкт-Петербургдагы (мурдагы Ленинград) И. Е. Репин атындагы Живо­пись, скульптура жана архитектура институтун (1991), Т. Садыков атындагы Улуттук сүрөт академиясын (1994) бүтүргөн жана ушул эле академияда 1992- жылдан доцент. Т. Медеров көрүнүктүү мамлекеттик жана искусст­во ишмерлерине тургузулган эстеликтердин ав­тору (Бишкекте Н. Исанов, Т. Кулатов, К. Ты­ныстанов, К. Карасаев, Т. Сыдыкбеков, К. Юда­хиндин бюсттары, Караколдо К. Тыныстанов­го, К. Карасаевге, Тагай бийге коюлган эстелик­тер). Т. Медеров скульптура боюнча эл аралык симпозиум­дардын катышуучусу.