МАХМУТОВА Мехри

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:47, 24 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera «МАХМУТОВА» барагын «МАХМУТОВА Мехри» деп кайра атады) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАХМУТОВА Мехри (Мариям) (8. 3. 1920, Фрунзе - 25. 4. 1989, ошол эле жер) - опера ырчысы (меццо-сопрано), Кыргыз ССР эл артисти (1946).

Чыгармачылыгын 1938-жылы республикалык эл чыгармачылыгынын 1-олим­пиадасына катышуудан баштаган. Кыргыз искусствосу менен адабиятынын Москвада өт­көн он күндүктөрүнө (1939, 1958) катышкан. 1940-жыл­дан Кыргыз опера жана балет театрынын солисти. 1941-1942-жылдары Фрунзеде ачылган Москва консерваториясынын улуттук студия­сында, 1949-1950-жылдары Москва консерваториясында окуган.

М. Махмутова - Кар­мен. Ж. Бизе. «Кар­мен» операсы.

М. Махмутова чыгармачылыгында 41 операнын баш­кы партияларын, дүйнөлүк, орус, кыргыз ком­позиторлордун ондогон ырларын, романстарын аткарган. М. Махмутова диапазону кенен кооз тембрлүү үнү менен айырмаланат. Көрүнүктүү партиялары: Ажар, Чачыкей, Ороңгу (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, «Алтынкыз», 1937; «Айчүрөк», 1940; «Манас», 1946), Барсана (Н. Давлесов, «Аста-се­кин колукту», 1971) жана башкалар; классикалык опера­лардан: Кармен (Ж. Бизе, «Кармен», 1949), Оль­га, Графиня, Морозова (П. Чайковский, «Евге­ний Онегин», 1942; «Карганын маткеси», 1950; «Опричник», 1958), Мнишек (М. Мусоргский, «Борис Годунов», 1971) жана башкалар. КМШ өлкөлөрүнүн шаарларында, чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. Ле­нин, «Ардак Белгиси», Эмгек Кызыл Туу орден­дери, медалдар менен сыйланган.