География:МИҢТЕКЕ МӨҢГҮСҮ
МИҢТЕКЕ МӨҢГҮСҮ — Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 4,0 км, аянты 4,1 км2, көлөмү 0,2 км3. Башы деңиз деңг. 5000 м, этеги 4300 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4700 м. Мөңгүдөн Миңтеке суусу башталат да, Кашкасуу м-н кошулуп, Алтындарага сол жактан куят.